Улгайган курактагы адамдарга 42 миллион 305 977 сом акча каражатына социалдык жардамдар көрсөтүлдү

"Улгайган курактагы адамдарга көңүл буруу жана камкордук" аттуу кайрымдуулук жана колдоо көрсөтүү бир айлыгынын алкагында республика боюнча карыларга 42 миллион 305 977 сом акча каражатына социалдык жардамдар көрсөтүлдү. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматы бүгүн, 18-ноябрда маалымдады.

"Жалпы суммадан 41 миллион 51 435 сом кары адамдарга, 509 755 сом беш социалдык стационардык мекемеге, 329 787 сом эки муниципалдык социалдык мекемеге жана 415 миң сом коомдук уюмдарга сарпталган. Ошондой эле улгайган жарандарды колдоо боюнча бир айлыкта бекер юридикалык кеңештерди алууга, медициналык мекемелерде дарыланууга мүмкүнчүлүк түзүлүп, жер-жерлерде кайрымдуулук акцияларын уюштуруу менен бирге салтанаттуу иш-чаралар өткөрүлдү", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан