Нарында 1-топтогу майып баланы сабаган жаранга чара көрбөгөн милиция кызматкерлерине сөгүш берилди. Бул тууралуу бүгүн, 18-ноябрда Акыйкатчы институтунан билдиришти.
Маалыматка караганда, Акыйкатчы институтунун Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнө С.Ч. аттуу жаран арыз менен кайрылып, 1-топтогу майып баласын сабаган жаранга милиция кызматкерлери эч кандай чара көрбөй жатышканын билдирген.
Окуя мындан 8 ай мурун Нарын шаарындагы Ак-Коргон деген аймакта болгон. Анда белгисиз мас абалдагы адам Ч.А. аттуу ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген баланы эч себепсиз сабаган. Ошол эле күнү жабырлануучунун апасы Нарын шаардык ички иштер башкармалыгына арыз менен кайрылган.
"Окуяны Акыйкатчы институту көзөмөлгө алгандан кийин Нарын ШИИБинде кызматтык иликтөө жүрүп, анын негизинде тергөө бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары Т.Жумалиевге жана тергөөчү Мусаевге сөгүш жарыяланган. Учурда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген баланы сабаган факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат", - деп билдиришти Акыйкатчы институтунан.