SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Бирөөнүн аялы менен жаткан кишинин мүчөсүн кесип салууга кандай карайсыз?" деген тема кызуу талкууга алынууда.
Темадагы билдирүүлөр:
"Күйөөсү бир жакка кетип, аялына айтпай кайра үйүнө келсе, аялы башка эркек менен жатыптыр. Күйөөсү ачуусун кармай албай тиги эркектин мүчөсүн түбү менен кесип, аялын сабап салыптыр. Айыл тургундары күйөөсүнүн бул жоругун "бир чети туура, башкаларга сабак болот" деп айтышууда. Сиздер кандай ойлойсуздар?"
"Ошондой бузукуларга сабак болчу иш болуптур. Негизи, ар бир мусулман мындай иштерден алыс болушу керек."
"Тиги аялдын ойношунда күнөө жок, баарын баштаган аялы да. Ал жөн жүргөн болсо, мындай окуя чыкмак эмес".
"Ой тобо, анан ал киши өлүп калдыбы? Башкаларга сабак болот дегени менен, өзү түрмөгө түштү да. Аялы кайра бирөөнү таап алса керек. Күйөөсү туруп ойнош ойногондордун дабасы жок дешет. Бир гана Жараткан жазалайт экен".
"Эгер аялы күйөөсүн башка менен кармап алса, ал аны кечирип жашай бермек болуш керек".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.