21-апрелде Кыргызстандын борборунда бий боюнча 2-эл аралык фестиваль өттү. Анда эстрадалык, заманбап жана улуттук бий сынагы боюнча борбордогу 16 студия жана 21 топ болуп баш-аягы 200гө жакын бийчи катышты. “Иш-чаранын максаты - жаштарды сергек жашоого үндөө, бийчилер менен бирге алардын окутуучуларын да элге таанытуу”,- дейт уюштуруучулардын бири Жылдыз Чокморова. Ал эми сынактын жыйынтыгы төмөндөгүдөй болду:
3-7 жаштагы балдардын бийи боюнча:
Баш байге - “Аарылар” бийи менен “Орби” бий студиясына
1-орун Полька бийи менен “Аян” тобуна
2-орун “Аарылар” бийи менен “Аарылар” бий студиясына
7-11 жаштагы бийчилер арасында:
Баш байге – Өзбек бийи менен “Доетс Аян” бий студиясына
1-орун “Куурчак” бийи менен “Орби” бий студиясына
2-орун “Ветерок” бийи менен “Орби” бий студиясына
3-орун “Жигиттер” бийи менен “Ак-Барс” окутуп-тарбиялоочу комрлексине
12-16 жаштагы бийчилер арасында:
Баш байге - Орус бийи менен “Орби” бий студиясына
1-орун “Джанго” аттуу бийи менен “Адриатика” бий тобуна
2-орун “Чер лидер” бийи менен №62-мектептин “Бисквит” бий тобуна
3-орун Заманбап бийи менен “Марселло” бий тобуна ыйгарылды.