Ысык-Көл облусунун Чоң-Сары-Ой айыл аймагынын тургундары саясатчы Темир Сариев менен жолугушуусунда анын урматына Балыкчы-Корумду унаа жолун Темир жол деп атап жатышканын айтышты.
"Жол салуу - эң сооп иш. Бул жолду салып канча элдин сообуна калдыңыз. Жол оңолсо, элдин турмушу оңолот. Атыңызга затыңыз жарашып, темирдей жол салып берип жатасыз. Колунан келе албагандар бут тосо беришет. Отургандар отурат креслодон жыла албай, ал эми иштеген кишиге бут тосо берет. Кыргыздарда, бардык жерлерде ушундай боло берет. Ушунуңуздан жазбай иштей бериңиз. Көп капаланбаңыз. Биз сизди колдойбуз. Элдин акыбалын сурап келгениңиз үчүн сизге абдан ыраазыбыз", - дешти тургундар.
Эскерте кетсек, Балыкчы-Корумду унаа жолун куруу 2015-жылы Темир Сариев премьер-министр кызматында иштеп жатканда анын демилгеси менен башталган. Бул жолду салуу Ысык-Көл облусунун инфраструктурасын өнүктүрүүгө жана туристтик потенциалын көтөрүүгө багытталган.