Кечээ, 20-ноябрда Бишкектин четиндеги "Риом авто" унаа базарында бастырманын чатыры карды көтөрө албай түшүп калганы маалымдалган. Анда 12 унаа зыянга учураган. Унаалардын ээлерине тиешелүү компенсация төлөнүп берилмей болду. Бул тууралуу аталган жайдын жетекчиси Айбек Баратов SUPER.KG порталына билдирди.
"Унаа базарындагы үчүнчү сектордун бастырмасы карды көтөрө албай сынып калган. Жалпы 12 унаа зыянга учурап, анын ичинен үчөө көбүрөөк талкаланган. Администрация унаа ээлеринен кечирим сурап, компенсация төлөп берет", - дейт А.Баратов.
Ошондой эле ал учурда маселе чечилгендигин айтып, кооптуу жагдай жок экенин кошумчалады.