Бишкектеги Ак-Ордонун тургундары суукта электр энергиясы берилбей жатканын айтып, Ак үйдүн алдына кайрадан чогулушту

Ак-Ордо конушунун жашоочулары президент Алмазбек Атамбаевге электр энергиясын тартып берүү талабын коюп бүгүн, 21-ноябрда Ак үйдүн алдына чогулушту. Чогулгандардын саны болжол менен 300гө жетет. Тургундар өздөрүнүн өкмөткө болгон нааразылыгын билдиришти.

"Баламдын кичүүсү 3тө, улуусу 1-класста окуйт. Тапшырмаларын күндүз аткарат, кээде түндө окуганга туура келет. Өкмөт элди ойлобой калды", - дейт бир жылдан бери электр энергиясы жок жашаган Аида Жаныбек кызы.

"Мен да бир жылдан бери электр энергиясыз жашайм. 3 балам бар. Күн суук болуп жатат, кыйналдык", - дейт Ак-Ордонун тургуну Гүлжан Шаршеналиева.

Эскерте кетсек, аталган конуштун жашоочулары буга чейин да өкмөткө кайрылып келишкен.

Азырынча чогулгандарга бийлик өкүлдөрүнөн бири да чыга элек. Митингдин жүрүшүн 10дон ашуун милиция кызматкерлери көзөмөлдөп жатышат.

Ак үй алдында митинг болуп жатат
Митинг: "Өкмөт, элди суукка тоңдурба!"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Aidai5555
2016-11-21 12:16:42
Кыштын камын жазда көр... Койчунун кызы кой келгенде иш кылат...
0
Kroxa
2016-11-21 14:14:15
Ий кайран элим кыйналгандын эле ичинде...окмоттун уйу жылуу,жарык иштери жок..
+1
Komrad
2016-11-21 14:52:36
жерди саткандан башканы билишпейт да чоңдор
-1
erkekyz1
2016-11-21 23:52:26
Сөзсүз эле Атамбаевге барыш керек беле тобоо кылдым. Айыл өкмөтүңөр не кылып жатат? Эй эл журт кичине эле калды,Атамбаевдин кетээрине бир ааз эле убакыт калды, чыдай тургулачы митинг пикеттерди уюштурбай. Же канга сиңип калганбы билбейм. Тоогуңар өлсө деле пикет кылыр салчудайсыңар Атамбаевди күнөөлөп. Болбойт да ушу...
0
Komrad
2016-11-22 06:52:12
erkekyz1,каяктагы тоок, ошондой жерге барып жашап көрсөң анан билесин, бул социалдык маселе. Жерди саткандан кийин инфраструктурасын жасап бериш кимдин милдети? Бишкектин четинде жарым миллион киши жашайт!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан