“Сары-Ой” тасмасы эл аралык фестивалда 2-орунду алды

Катардын Доха шаарында 18-21-апрель күндөрү "Аль Жазира" аттуу даректүү тасмалардын 9-эл аралык фестивалы өттү. Анда кыргызстандык жаш режиссёр Адилет Каржоевдин “Сары-Ой” кыска метраждуу тасмасы “Жаңы мейкиндик” кароо сынагында 2-орунду алды. Айта кетсек, фестивалга 33 өлкөдөн 464 кыска метраждуу, 414 орто жана 295 толук метраждуу даректүү тасма катышты. Ал эми "Сары-Ой" тасмасында мүнүшкөр жана анын үй-бүлөсүнүн жашоо-турмушу баяндалат. Эске салсак, Адилет Каржоев www.super.kg порталында эмгектенген. Кесиптешибиздин ийгилиги бизди да кубандырды.

   


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан