Бишкек шаарында унаа жолдор, жөө адамдар жүрүүчү тротуарлар тазаланбай, муз каптап жатат. Жашоочулар тротуарлардагы жылгаяктан басуудан кооптонушса, айдоочуларда да ошол эле көрүнүш. Бишкек шаардык "Тазалык" ишканасы борбордук көчөлөргө тонналган туз, кумдарды чачканы менен, башка көчөлөр тайгак бойдон калууда. Ал эми туз жана кум чачылган жолдордогу кар эрип, эриген кар атайын техникалар менен тазаланбай жатса, айрым туз, кум себилген жолдордо кар толугу менен эрип кеткен эмес, бул айдоочуларга ыңгайсыздык жаратып жатат.
Мындан сырткары калың кардан улам жол боюндагы жана эс алуу бактарында жүздөгөн дарактар кулаган болсо, кулап калуу коркунучунда турган дарактар да арбын экени көрүнүп турат. Алардын айрымдарынын унаа жолдоруна түшүү коркунучу бар. Ал эми Ак үйдүн короосунда да шаардагыдай баш аламан абал. Сынып, тосмого илинген дарак алынбай жатса, ошол эле тосмодо түнү бою жанган жарык күндүзгү саат 11:00 чамасында да өчпөй турганын көрүүгө болот.
Тротуардагы тайгалакта басуу кооптуу болгондуктан, кээ бир жогорку окуу жайдын студенттери тыныгууда муздарды тазалап жүрүшөт. Ошол эле учурда ар бир ишкана, тургундар өз короосун тазалап, иретке келтирүү аракетин көрүп жатышса, айрымдары короодогу карды араба менен унаа жолдун боюна алып чыгып таштоодо.
Эске салсак, Бишкек шаардык мэрия буга чейин жолдорго 495 тонна кум, 37 тонна туз чачылганын билдирген.