Бишкектеги "Манас" аэропорту кадимки тартипте иштеп жатат. Бул тууралуу аэропорттун басма сөз катчысы Алия Курбанова бүгүн, 21-ноябрда SUPER.KG порталына билдирди.
"Аэропорт кечээ саат 8:00дөн 14:00гө чейин жабылган. Бүгүн кадимки тартипте иштеп, бардык учактар өз убагында учуп жатат. Эртең менен гана Үрүмчү менен Астанадан учуп келчү учактар кармалышты", - деди Курбанова.
Эскерте кетсек, кечээ, 20-ноябрда өлкөдөгү аба ырайына байланыштуу кээ бир каттамдардын убакыттары жылдырылып, Бишкектеги аэропорт жабылган.