Аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө, күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу тоолуу аймактарда жана тоо этектериндеги жолдордо унаалардын жүрүшү кыйындайт. Транспорт жана жолдор министрлиги айдоочуларды жакынкы арада жолго чыгууга жана жайкы дөңгөлөктөрдү кышкыга алмаштырууга чакырат.
"Жайкы дөңгөлөктүү унаалардын айынан жол тыгыны пайда болуп, башка айдоочуларга жана жүргүнчүлөргө ыңгайсыздык жаратат. Айдоочуларды, жүргүнчүлөрдү жолго чыгардан мурун ашуулардагы аба ырайын кароону сунуштайбыз. Ашуу жолдорунда жүрүү эрежелерин сактабаган оор жүк ташуучу унаалардын айдоочуларына өзгөчө дөңгөлөктөрүнө көңул бурууну сунуштайбыз", - дейт министрлик.
Учурда Кусейин Көлбаев атындагы тоннелдин түштүк жана түндүк тарабынан оор жүк ташуучу унаалар кезек менен өткөрүлүп жатат. Тоннелдин туурасы 6 метр болгондуктан, бир учурда 2 оор жүк ташуучу унаа өтө албайт.