Каракол-Эңилчек унаа жолунда кардын калыңдыгы 1 метр 80 сантиметрге жетти

Каракол-Эңилчек унаа жолунда кардын калыңдыгы 1 метр 80 сантиметрге жетти. Бул тууралуу бүгүн, 22-ноябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 20-ноябрда Каракол-Эңилчек унаа жолунун 38-чакырымынан баштап 92-чакырымына чейин жабылган. Буга жааган кардын калыңдыгы себеп болгон.

Кечээ, 21-ноябрь күнү аталган жолдун 38-чакырымынан 84-чакырымына чейин тазаланып ачылган, бирок тынбай бороон болгондуктан, жолду кайра бүтөп салган. Учурда ал жерде кардын калыңдыгы 1 метр 80 сантиметр болууда. Жол-кайгуул кызматы тарабынан атайын пост коюлду. Тазалоо иштери бүгүн да улантылат”, - деп билдиришти Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан