Борбор калаада үй-жайсыздар баш калкалоочу жайларда 80 адам жашап жатат

Бишкек шаарынын Социалдык өнүгүү башкармалыгынын билдирүүсү боюнча, үй-жайсыз адамдар үчүн убактылуу жана туруктуу негиздеги атайын баш калкалоочу жайлар иштеп жатат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясы бүгүн, 22-ноябрда билдирди.

Аба ырайынын кескин бузулушу менен аталган жайларда 80 үй-жайсыз калган адам жашайт.

"Биринчи Май районунда Жибек-Жолу кең көчөсү-413 дареги боюнча ар убак иштеген "Коломто" муниципалдык үйү 70 кишиге ылайыкталып, бир маал ысык тамак жана түнөк жай менен камсыздоо каралган. Ленин районунда Трудовая көчөсү-10 дарегинде балалуу аялдар үчүн "Боорукердик борбору" иштеп келет. Мындан тышкары ноябрь айынан март айына чейин калган эки райондо бир маал тамагы жана түнөгү менен убактылуу жайлар ачылган. Свердлов районунда Фере көчөсү-34-а дарегинде жана Октябрь районунда 12-кичи райондогу Токомбаев көчөсүндө жайгашкан", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
nokia96
2016-11-22 12:24:54
эркин селсаяктар
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан