Берлин шаарында өткөн кинофестивалда "Сейде" тасмасына байге ыйгарылды

Режиссёр Элнура Осмоналиеванын "Сейде" кыска даректүү тасмасы Германиянын Берлин шаарында өткөн "Interfilm" Эл аралык кинофестивалында байгеге илинди. Бул тууралуу режиссёр Facebook баракчасы аркылуу билдирди.

"Тасма тартуучу топту куттуктайм! Биздин тасмага эл аралык фестивалда мыкты кинематография үчүн байге ыйгарылды", - деп билдирди Э.Осмоналиева.

Белгилей кетсек, "Сейде" тасмасы Түштүк Кореяда өткөн фестивалда баш байгени алганы 9-ноябрда маалымдалган.

"Сейде" тасмасында алыскы тоолуу райондордогу айылдардын бириндеги жашоо сүрөттөлөт. Башкы каарман Сейде өзүнүн сүйүктүү аты менен жергиликтүү жаштар менен бирге ат оюндарын ойногонду жакшы көрөт. Бир күнү анын үйүнө күтүүсүздөн кудалар келип калышат. Атасы кызын күйөөгө бермекчи болуп, кызы жакшы көргөн атты анын тоюнда союуну чечет. Мындай чечим Сейдени кайгыртып, алдан тайдыртат. Ал үй-бүлөсүн түшүнүүгө аракет кылганы менен, жакшы көргөн жаныбарын курмандыкка чала албайт эле. Тилекке каршы, экөөнүн тең качып кетүүгө, чоңдор кабыл алган чечимди жокко чыгарууга күчтөрү жетпейт...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан