Акыркы күндөрү Бишкекке жааган кар көпчүлүктүн шайын оодарууда. Шаардын жөө жүрүүчүлөрү тайгак тротуарлардан баскандан кооптонушса, тоңголок жолдун айынан унаа тыгыны, кырсыктар да көбөйүп жаткан кез. Мындан улам тоңгон жолдор шаарыбыздын эң негизги көйгөйү болуп жаткандай.
Учурда жолдорго кум жана туз себилип жатат. Бул Советтер Союзунан бери колдонулуп келе жаткан эски ыкма. Мындан сырткары анын терс жактары да бар. Мисалы, туз унаалардын кузовун, дөңгөлөктөрүн, бут кийимдерди, электр токторду жеп, жерге сиңип өсүмдүктөргө зыянын тийгизет, адам менен жаныбарларга жакшы таасир берүүсү мүмкүн эмес. Ал эми кум суу ага турган каналдарга толуп калат.
Шаардын башкармалыгын, тиешелүү кызматтарды түйшүккө салган жолдордогу кар-муз менен чет өлкөдө кантип күрөшөрү тууралуу жазууну туура көрдүк.
Тайгак жол менен эң эле кымбат, бирок эффективдүү күрөшүү жолу Норвегияда колдонулат.
Бул өлкөдө тротуарлар жана кээ бир жолдор жылытылып турат. Түшкөн кар жерге тиер замат эрип, тоңгонго жетишпей калат. Бул ыкма Исландия, Япония, Финляндия өлкөлөрүндө да колдонулат. Исландия эң суук өлкө деп эсептелет, жай мезгилинде абанын температурасы +20 градустан аша бербейт. Ага карабастан, кышкысын ал жакта шаар көчөлөрүндө жашоо кызуу бойдон калат.
Японияда кышкысын кар жааган шаарларда тротуар менен жолдор жылытылганы менен, үйлөр үчүн борбордук жылытуучу түйүн жок. Үйдүн жылуулугуна ээси жооптуу. Ал эми кээ бир шаарларында түшкөн карга эч нерсе себишпейт, жөн гана тазалап коюшат. Үйлөрдүн жанындагы тротуарларды жергиликтүү тургундар өздөрү тазалашат. Швецияда 2004-жылдан бери жаңы ыкма колдонулат. Тоңуп калган жолдорго ысык сууга майда таштарды кошуп чачыратышат. Ысык суу музду эритип, ага майда таштардын кирип кетишине шарт түзөт. Жолдор кайрадан тоңгондо 3-4 күнгө чейин кадимки өгөөдөй болуп турат. Финляндияда дагы туз жана кумдун ордуна жолдорго майда таштарды сээп коюшат. Бул ыкма үнөмдүү да болот, себеби жазында себилгендин баарын жыйнап, кийинки жылы да колдонушат.
Европанын айрым өлкөлөрүнүн жолдору салынып жатканда эле муз тоңбогондой болуп салынат: асфальт музду тоңдурбай турган компонентке ээ жана ал жолдорду тазалоо оңой. Германия магнийди колдонсо, АКШ жана Канада хлорлуу кальцийди себет. Бул АКШда жалгыз ыкма эмес. 2009-жылы Айова штатында Энкени шаарынын жолдоруна мөөнөтү өтүп кеткен сарымсак тузу себилген. Аны жергиликтүү өндүрүш компаниясы бекер эле берген. Бул татымал маселени эң жакшы чечип койгон.
Испаниялык блоггер Рафаэль Флета Сориано SUPER.KG порталына билдиргендей, ал жашаган Арагондун аймагында кар көп жаабайт.
"Бишкекте кар калың жаайт экен. SUPER.KG сайтындагы сүрөттөрдү көрүп үшүп кеттим. Мен жашаган шаарда кар көп жаабайт. Жааса да атайын техникалар менен бат эле тазалап коюшат. Тайгак жол деген көйгөй биздин шаарда жокко эсе", - деди блоггер.
Өнүккөн өлкөлөрдүн көпчүлүгү карды атайын техникалардын жардамы менен тазалап, туз менен эритип жок кылышса, кээ бири жааган кар, тоңгон жол менен күрөшпөй деле коюшат.
Япония өлкөсүндө чоң трассалардын боюндагы кар тазаланбай, кээде 3-4 метр бийиктикке жетет.