Учурда дүйнөдө "Манекен челенж" (англисче Mannequin Challenge, mannequin - манекен, challenge - чакыруу) жаңы интернет-флешмобу популярдуу болууда. Анда адам өзүн манекендей сезип, бир нече секунда же мүнөттөргө ордунан жылбай катып калышы керек. Мындайда канчалык адам көп болуп, түрдүү позада турган болсо, ошончолук кызыктуу жана күлкүлүү болот. Ошондой эле элдин мындай кыймылсыз аракети "убакыт токтоп калды" дегенди да билдирет.
Аталган флешмобду ушул жылдын ноябрь айынын башында АКШнын Жэксонвилл шаарынын мектеп окуучулары башташкан. Алар тарткан видеодо класстагы бардык окуучулар катып туруп калышат. Анча узак эмес видео кыска убакытта Twitter`де 100 миңге жакын "жакты" белгисине ээ болуп, 70 миңден ашуун адам бөлүшкөн. Окуучулардын айтымында, флешмоб кайрымдуулук же дагы кайсы бир максатты көздөбөйт, болгону көңүл ачуу, маанай көтөрүү үчүн гана ойнолот.
Ал эми дүйнөгө белгилүү футболчу, саясатчы, ырчы жана башкалардын жогоруда аталган флешмобго катышуусу анын популярдуулугун ого бетер арттырган. Төмөнкү тиркелген видеолордон флешмобду дүйнөлүк жылдыздар кантип колдоого алышканын көрүүгө болот.