Калың кардан улам жабылган Каракол-Эңилчек унаа жолу ачылды. Бул тууралуу бүгүн, 22-ноябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, 20-ноябрда Каракол-Эңилчек унаа жолунун 38-чакырымынан баштап 92-чакырымына чейин жабылган. Буга жааган кардын калыңдыгы себеп болгон.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги: “Кечээ, 21-ноябрда аталган жолдун 38-чакырымынан 84-чакырымына чейин тазаланып ачылган, бирок тынбай бороон болгондуктан, жолду кайра бүтөп салган. Карды тазалоо иштери бүгүн да улантылып, жол толук ачылды”, - деп билдирди.