Бүгүн, 22-апрелде Москвада Александр Масляковдун эл аралык КВН мелдешинин Премьер-лигасынын чейрек финалында кыргызстандык “Тамашоу” курама командасы оюн көрсөтөт. Анда "Тамашоу", Омск шаарынын курама командасы, “Шизгара”, Москва финансы юридикалык академиясынын курама командасы, “Малая-Земля”, “Лас-Вегас” командалары таймашат. Эскертип кетсек, Сочи шаарында 8-мартта “Тамашоу” курама командасы 10,2 упай менен чейрек финалга өткөн. Бүгүнкү оюндар Москва убактысы боюнча саат 19:00дө башталат.