Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция Бишкек шаарында дарактардын кулоо коркунучу дагы да болсо сакталып турганын кабарлады.
Маалыматка ылайык, баш калаадагы дарактардын көбү 1950-60-жылдары отургузулган. Бүгүнкү күндө алардын эскилиги жеткен. "Суу кардын нормадан ашык көлөмдө жааганы дарактардын кулашына алып келип жатат. Элден көчөдө, сейил бактарда абайлап жүрүүнү суранабыз", - деп жазылат маалыматта.
Кошумчалай кетсек, Бишкек боюнча 4 күндүн ичинде суулуу кардын айынан сынган 194 бутак, 73 дарак жыйналган.