Токмок шаарында мамлекеттик 3 мектеп жана 1 бала бакча жабылган. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы бүгүн, 23-ноябрда билдирди.
"Биздин маалыматтар боюнча, ал мектептер жана бала бакча "Газпром" жеке компаниясы тарабынан жылытылат. Компанияга аталган ишканалар жайгашкан жылытуу системиндеги бутагы карыз болуп калган. Ал аймакка кеткен жылытуу системи өчүрүлгөндө карызы жок болсо да, мектептер менен бала бакча жылуулугу жок калган. Мындан улам окуучулар үчүн кышкы жана жазгы каникулдун эсебинен окутуу токтотулган, ал эми мугалимдер кадимкидей келип иштеп жатышат", - деп билдирди басма сөз кызматынын адиси.
Бул маселе боюнча Билим берүү жана илим министрлиги Токмок шаарынын мэриясына билдирүү жөнөтүп, жаралган жагдайды чечүүнү талап кылганын кошумчалады басма сөз кызматынын адиси. Ушул эле маселе боюнча "Газпром" ишканасынын басма сөз кызматы төмөнкүлөрдү билдирди:
"Токмок жылуулук" муниципалдык ишканасынын "Газпромго" 42 миллион сом өлчөмдө карызы бар. 17-ноябрда карыздын жабылбаганына карабастан, газ берилген. Андан ары мектептерге, бала бакчага эмнеге жылуулук берилбей жатканын биз билбейбиз".
"Токмок жылуулук" ишканасы учурда жаралган абал тууралуу кандайдыр бир маалымат берүүдөн баш тартты.
Мындан сырткары суук түшкөн маалда Токмоктогу Республикалык атайын реабилитациялоо борбору 85 ымыркай менен жылуулугу жок калганын социалдык тармактардын колдонуучулары жазып чыгышкан.
"Борбордун альтернативдик жылытуу системи бар. Учурда көмүр жагып жылытып жатабыз. Борбордун аймагында жылытуучу түтүктөр жаңыртылган, бизде ал жагынан маселе жок. Көйгөй бизге чейин келүүчү эскилиги жетип жарылган түтүктөрдө жаралууда. Шаарга жылуулук берилсе да, мындан улам бизге жетпей жатат", - деди борбордун директору Татьяна Гринько.
Ал эми Токмок шаарынын мэриясы шаар боюнча жылуулук берилгенин билдирип, колдорунан келген аракетин көрүп жатышканын айтышканы менен, "Окуучулар жылуулук жок болгону үчүн мектепке барбай жатышабы?" деген суроого так жооп бере алышкан жок. Ошондой эле эмне себептен мамлекеттик ишканалар жеке компания тарабынан жылытылары тууралуу суроону жоопсуз калтырышты.
"Сыртта 0дөн төмөн температура болуп жатат. Жылуулук берилген. Түтүктөр жылыгыча убакыт кетет. Бардык ишканаларга жылуулук берилген", - дешти мэриянын басма сөз кызматынан.
Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын 18-ноябрында аталган шаардын мэриясы жылуулук бардык мекемелерге берилгенин, аларда аба температурасы нормалдашканын билдирген. Эгер мэриянын берген маалыматы чындыкка дал келсе, эмне себептен социалдык тармактар тескери маалыматтарга толуп жатат?