Кочкор районунун 2 айылынын мугалимдеринин айлыгы кыскара турганы айтылып жатканын Арсы айылынын орто мектебинин директору Асипа Жумабаева бүгүн, 23-ноябрда SUPER.KG порталына билдирди.
Анын айтымында, Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинен 11-ноябрда кат келген. Ал катта Семиз-Бел жана Арсы айылдары бийик тоолуу аймакка кирбегени маалымдалган. Буга чейин ал айылдардын мугалимдери бийик тоолуу аймакта иштеген жумушчулардай кошумча төлөм алып келишкен.
Бүгүнкү күндө айылдарда мугалимдер жетишпейт. Арсы айылындагы орто мектепте 140 окуучу окуп, 19 мугалим эмгектенет. Мугалимдердин бешөө гана ошол айылдан, калгандары Кочкор районунун башка айылдарынан келип иштешет. Эгер ал мугалимдер бийик тоолуу аймактыкындай айлык акы албай калышса, аларга иштегенден пайда жок экенин айтат Жумабаева.
"Биз катты алганда 3 депутатка, спикерге жана премьер-министр Сооронбай Жээнбековго, Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигине бул маселени кайра карап берүү өтүнүчү менен кайрылганбыз. Министрликтен кайра кароого болбойт экенин билдиришти. Эгер эмгек акы кыскартылса, айлык 5-6 миң сом болуп калат. Алыс жактан келип иштегендерди мындай айлык канааттандырбасы белгилүү", - деди директор.
Бийик тоолуу аймакка деңиз деңгээлинен 1800 метр бийиктикте жайгашкан аймактар кирет. Жумабаева берген маалымат боюнча, министрликтин маалыматында, Арсы айылы деңиз деңгээлинен 1790 метр бийиктикте жайгашып, бийик тоолуу аймакка кирбей калары белгиленген. Ал эми ушул эле айылдан 4-5 чакырым алыстыкта жайгашкан Кара-Тоо айылы деңиз деңгээлинен 1809 метр бийиктикте жайгашканы жазылган.
"Канча метр бийиктикте жайгашканы эсептелип жатканда ката кеткенби билбейм. Буга чейин бийик тоолуу аймакка кирчүбүз. Жаныбыздагы эле Кара-Тоо айылы 1809 метр бийиктикте жайгашканы жазылыптыр. Мынчалык айырма болбош керек эле. Ал айылдан 19 метр төмөн турсак, ойдуңда жайгашкандай болуп жатпайбызбы. Өзүбүздүн райондун геодезия тармагында иштегендерге да кайрылып көрдүк. Тилекке каршы, аларда ченей турган аспаптар жок экен", - деп кошумчалады Асипа Жумабаева.
Ал эми Кочкор районунун Билим берүү башкармалыгынын милдетин аткаруучу Венера Ибраева министрликтен келген кат тууралуу билбегенин айтты.
Белгилей кетсек, бийик тоолуу аймакта иштеген мугалимдер эмгек тажрыйбасына жана иштеген аймагынын бийиктигине жараша кошумча төлөм алышат. Кочкор районунда эгер тажрыйбасы 5-10 жыл болсо, айлык акыга анын 5 пайызы кошулат, 15 жылдан жогору болсо, 30 пайыз кошулат.
Учурда бул маселе Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинде Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте каралып жатканы белгилүү болду.
Эскерте кетсек, ушул жылдын башында да бийик тоолуу шартта жашап жана иштеп жаткан жарандарга төлөнүүчү коэффициенттердин төмөндөшү тууралуу мыйзамга өзгөртүүлөр кирмекчи болуп, Нарын облусунун тургундары митингге чыгышкан.