Каракол шаарындагы тарбиячылардын айлыгы 61 пайызга төмөндөгөн жок
Үстүбүздөгү жылдын 24-октябрында Каракол шаарындагы №1-бала бакчанын тарбиячысы Мария Царёва алардын эмгек акысы 61 пайызга төмөндөтүлүп жатканы тууралуу президентке кайрылып, бул тууралуу жооп күтөрүн билдирген.
Каракол шаарынын Билим берүү башкармалыгы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жарлыгынын негизинде мугалимдер менен тарбиячылардын айлык акысын жогорулатышканы, бирок тарбиячылардыкы тиешелүү суммадан ашыкча эсептелип калганы кабарланган. Мындан улам ашыкча төлөнгөн акы кайтарылмай болгону айтылып, тарбиячылардын айлыгынан кармалмай болгон. Бирок бүгүнкү күндө бул маселе толугу менен чечиле элегин аталган башкармалыктын башчысы Вера Апышева SUPER.KG порталына бүгүн, 23-ноябрда билдирди.
"Айлык акы жогорулатылганда туура эмес эсептелип калган. Жыл сайын текшерүү болуп турат. Кезектеги текшерүүдө катачылык табылган. Бул эми техникалык катачылык. Учурда тарбиячылар мыйзамга ылайык жогорулатылган айлыгын алып жатышат. Айлык акыларынан ашыкча төлөнгөн каражатты кайтаруу үчүн акча кармалган жок. Азырынча кандай жол менен кайтарылары чечиле элек", - деди Апышева.
Жаралган жагдай тууралуу тарбиячыларга түшүндүрүү иштери болгонун кошумчалады башкармалыктын башчысы.