Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 23-ноябрда Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталдагы оңдоо иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.
Улуттук госпиталдын жетекчилиги маалымдагандай, Улуттук госпиталь жана жалданма тараптар менен курулуш-оңдоо иштерин жүргүзүү тууралуу келишимге 2015-жылдын 28-августунда кол коюлган, ага ылайык, оңдоо иштери 2015-жылдын 30-ноябрында бүткөрүлүүгө тийиш болгон. Жалданма тараптын жоопкерсиздигине байланыштуу иштер токтотулган. Буга байланыштуу Улуттук госпиталдын бөлүмдөрүндө бейтаптар көп болгондуктан, ыңгайсыздыктар жаралууда.
"Сооронбай Жээнбеков оңдоо иштерин тез арада бүткөрүү керектигин билдирди. Жалданма иштегендер келишимдин шарты боюнча башталган ишти аягына чыгарышы керек. Аны менен катар өкмөт башчы оңдоо иштерин үзгүлтүккө учураткандар мыйзам чегинде жоопкерчилик алышы керектигин баса белгиледи. Ошондой эле премьер-министрге бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы тарабынан аталган келишимдин шартын аткарбаган жалданма топтун ишмердүүлүгү текшерилип жатканы маалымдалды", - деп айтылат маалыматта.
Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков тиешелүү мамлекеттик органдарга түзүлгөн абалды иликтеп чыгып, дарыланып жаткан бейтаптарга ыңгайлуу шарт түзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Улуттук госпиталдын курулуш-оңдоо иштерин кыска убакыт аралыгында бүткөрүүнү тапшырганы белгилүү болду.