Кыргыз Республикасында 52 аңчылык чарбасы бар. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин 23-ноябрдагы жыйынында Айлана-чөйрөнү коргоо агенттигинин өкүлү билдирди.
Анын айтымында, 2015-жылы мыйзамсыз аңчылык боюнча 720, 2016-жылдын 6 айынын ичинде 350 иш катталган. Депутаттар сейрек кездешүүчү жаныбарларга аңчылыкка тыюу салуу зарыл экенин айтышып, бул пикир менен макул же макул эместигин сурашты.
Чиновник жаныбарлардын кээ бир түрлөрүнө аңчылыкка узак мөөнөткө тыюу салууга каршы эместигин айтты. "Айрым канаттууларга болгон аңчылыкка уруксат берсек болот. Ал эми кескин азайып бараткан жаныбарларды атып өлтүрүүлөрдү кыскартууга даярбыз", - деди аталган агенттиктин өкүлү.