Ат-Башыда аң уулоого чыгып, унаалары карга тыгылган 18 адамды куткарууга 16 адам жөнөтүлдү

2016-жылдын 17-ноябрь күнү Ат-Башы районундагы Ак-Сай өрөөнүнө 2 топ өз-өзүнчө аң уулоо максатында чыгып кеткен. Биринчи топто 3 чет өлкөлүк, 10 Кыргыз өлкөсүнүн жараны жана экинчи топто 1 чет өлкөлүк, 4 Кыргыз өлкөсүнүн жараны болгон. Чыгып кеткен жарандар 23-ноябрь күнү 2 Газ-66 унаасы менен Ат-Башы-Кында-Ак-Сай унаа жолу аркылуу Ат-Башыны көздөй жол тартышкан. 23-ноябрда саат 12:30 чамасында Ак-Сай өрөөнүндөгү “Чатыр-Таш” тозотунан Ат-Башы-Кында-Ак-Сай унаа жолу жабык дегендерине карабай өтүп кетишкен. Кардын калыңдыгынан унаалары жүрө албай, 1-топ Босого тилкесинде жана 2-топ Беш-Белчир тилкесинде кар күрткүсүнө тыгылып калган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы бүгүн, 24-ноябрда кабарлады.

"Жарандарга жардам берүү боюнча ӨКМнын Ат-Башы райондук №45-өрт-куткаруу кызматынын куткаруучуларын Баш-Кайыңды айылынын тургунунун Урал унаасы менен жиберүү жагы уюштурулуп, №45-өрткө каршы бөлүмүнөн 6 куткаруучу, райондук ӨКМнын 2 кызматкери, райондук ооруканадан 1 фельдшер, туугандарынан 2 адам, Урал унаасынын айдоочусу, Ак-Муз айылынан 4 жол көрсөтүүчү адам - жалпы 16 адам Ат-Башы айылынан 2016-жылдын 24-ноябрь күнү саат 01:36да куткаруу иш-чараларын жүргүзүү үчүн чыгып кетти", - деп айтылат маалыматта.

Ат-Башы-Кында унаа жолу кыш мезгилинде кар калың жаап, кар күрткүлөрү көп болгондуктан, жыл сайын жабылат. Акимдин буйругунун негизинде Ат-Башы-Кында унаа жолу 2016-жылдын 17-ноябрынан 2017-жылдын 15-майына чейин жабылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
kubat_73
2016-11-24 09:33:29
Аба ырайы бузулуп минтип турса ан уулагандан айланбай жатышпайбы уйундо.
+3
mambo-1984
2016-11-24 10:19:32
Туура айтасын . Озгочо кырдалдын дагы балдарын кыйнабай.
+2
maks83
2016-11-24 11:51:23
бул жерде тозот бар да туурабы?откорбой койсо болмок да корупция бар.
+4
Revolyutsiya
2016-11-24 13:24:36
Бири калбай кырылып калса да мейл эле. Алар карышкыр, коен атмак беле, сейрек кездешуучу, саналуу гана туяк калган аркар-кулжа, илбирске анчылык кылышат да. Анчылык департаменти болсо белчесинен эмес, колкосуна чейин коррупцияга баткан. Мындайча айтканда мыйзамдуу браконьерлердин барынан жогу жакшы. Алардан только жамандык кутууго болот...
+5
ukmuw-ukmuw
2016-11-26 10:08:57
Revolyutsiya,булар атайын туристерди алпарып аттырышат азыр туристер учун ечки текеге гана лицензия бар!аякта базалары бар мамлекетке налог толошот лицензия сатып алат.туристер менен баргандар кунуно акча алышат коштоп журугону учун иши да алардын суукта кыйналып !заставалар бар аякка пропуска менен кирет жон еле ойлой бербегиле
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан