Баткен шаарынын Токтогул-Олуя жаңы конушунда 150дөн ашуун окуучу 7 чакырым алыстагы мектепке жөө каттап окуйт. Бул тууралуу бүгүн, 24-ноябрда өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.
"Окуучулар үчүн узак аралыктагы мектепке барып келүүгө кыштын күнүндө кооптуу болуп жатканы айтылган. Жергиликтүү тургундар өкүлдөн транспорт маселесин чечип берүү үчүн кайрылуу жасашкан. Жакынкы күндө атайын транспорт маселеси чечилип, күн сайын 3 маал окуучуларды ташуу каралат. Бүгүнкү күндө аталган жаңы конушка мектеп, бала бакча, фельдшердик-акушердик пункт куруу маселеси каралууда", - деп билдирди басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, аталган жаңы конушта 200дөн ашуун кожолук бар.