Депутат: "Ноокаттагы мектептин директору "чоңдор келмейинче спортзалды балдар үчүн ачпайм" дейт"

Жогорку Кеңештин 24-ноябрдагы жыйынында депутат Зиядин Жамалдинов Ноокат районунун Нарай айылындагы орто мектептин спорттук залы салтанаттуу ачылыш аземи өткөрүлмөйүнчө ачылбай турганына нааразычылыгын билдирди.

"Бул мектептин курулушу 2007-жылы башталып, эптеп бүтүрүлгөн. Арадан 3 жыл өтүп, спортзал толук бүткөн, бирок дене тарбия сабагын бул спортзалда өткөрүүгө уруксат берилбей жатат. Мектептин директору "премьер-министр келип салтанаттуу ачылыш аземине катышмайынча
спортзал ачылбайт" дептир. Учурда дене тарбия сабагы сыртта өтүүдө. Спортзалды салтанаттуу ачуу - бул уят"
, - деди Жамалдинов.

Андан соң ал өкмөттүн парламенттеги өкүлүнө кайрылып, бул маселени тез арада чечүүнү талап кылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
briliant87
2016-11-24 11:05:50
МММ...
+1
nurik11-29
2016-11-24 11:27:06
теледен корунгусу келип атса керекда...мактанып калайын деп!!
0
Arslan12
2016-11-24 11:44:46
Премьер-министр кегинче озу да чыкпай турсун ишке!
0
elchi84
2016-11-24 12:30:43
Биз курдук кыйналып деп мактанбайбы прьемер-министр.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан