Мырзаке-Алайкуу унаа жолу 18:00дөн 08:00гө чейин убактылуу жабылат. Бул тууралуу бүгүн, 24-ноябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, кечээ, 23-ноябрда акимдин буйругу менен Кара-Кулжа районунда "өзгөчө кырдаал учуру" алынып салынды. Кечки саат 18:00дөн 08:00гө чейин Мырзаке-Алайкуу унаа жолунун 22-чакырымына жана 114-чакырымына посттор коюлуп, убактылуу жабылат.
Эскерте кетсек, 2016-жылдын 17-ноябрында түнкүсүн Алайкуу өрөөнүндө кар жаап, Ой-Тал, Кызыл-Жар, Алайкуу, Капчыгай айыл аймактарында кардын калыңдыгы 1 метрге чейин жеткен. Мындан улам райондо өзгөчө кырдаал жарыяланган.