Чаткалдын Чапчыма ашуусунда кар көчкү түшүү коркунучу жок. Бул тууралуу бүгүн, 24-ноябрда SUPER.KG порталына Чаткал райондук ДЭП-23 жол-курулуш ишканасынын башчысы Мурат Жоошев билдирди.
"Бүгүнкү күндө Чаткал-Ала-Бука жолундагы бийиктиги 2841 метрге жеткен Чапчыма ашуусу жол кызматкерлеринин көзөмөлүндө турат. Азыркы учурда аталган ашуунун 74-чакырымында жарым метрге жеткен кар жатат. Жүргүнчүлөр кооптонбой сапарга чыгышса болот, анткени көчкү түшүү коркунучу жок. Жолдорго кум чачылган", - деп билдирди Жоошев.
Мурат Жоошевдин маалыматына ылайык, ДЭП-23 жол-курулуш ишканасы Чаткал аймагындагы жана Чапчыма ашуусундагы жолдорду муздан арылтуу максатында 600 тонна кум менен камсыздалган. Ашуунун жолдорун кардан тазалоодо 2 бульдозер, 2 грейдер жана 1 кар жүктөөчү кубаттуу техника даярдалган.