Бишкекте кичи автобустун айдоочулары жол эрежелери боюнча сынак тапшырышып, бири да өткөн жок. Бул тууралуу бүгүн, 24-ноябрда SUPER.KG порталына Бишкек ШИИББинин Патрулдук милиция башкармалыгынын басма сөз катчысы Таалай Бугубаев билдирди.
Анын айтымында, бүгүн Мамлекеттик каттоо кызматына мурда жол эрежесин бузуп, айып салынган 18 айдоочу чакыртылган.
"Бишкекте 7-ноябрдан 11-ноябрга чейин "Коомдук транспорт" аталышындагы рейд өткөн. Анын негизинде 35 кичи автобустун айдоочусуна жол эрежесин бузгандыгы боюнча протокол түзүлгөн. Бүгүн 18 айдоочу чакыртылып, сынак тапшырышты. Жыйынтыгында бири да өткөн жок. Мындан улам алар айдоочулук күбөлүктөрүн алыша элек. Эгер сынактан 3 жолу өтпөй калса, маршруттук каттамды тейлеген фирманын жетекчисине айдоочуну каттамдан алуу боюнча кат жазалы деп жатабыз", - дей Таалай Бугубаев.