Алып баруучу Эркин Рыскулбеков өлкөдөгү коомдук уюмдардын биринин "1 окуучу - 1 демөөрчү" акциясынын алкагында демөөрчү болду. Тагыраагы, фонддун тизмесиндеги 1 жетим баланы 1 жыл бою кароого убада берип, өз камкордугуна алды. Бул тууралуу SUPER.KG`ге билдирген алып баруучу Жаңы жыл майрамынан кийин дагы бир баланы камкордукка алууну пландап жатканын айтты.
"Жакшылык ишти жар салбай жасашат" деген сөз бар эмеспи. Андыктан бул тууралуу эч кимге айткан эмесмин. Ата-энесиз калган жаш балдарга азыр камкордук көрсөтүп, билим, мээрим берип көңүл бурсак, келечекте жаман жолго барбай жакшы адам болуп чоңоюшат эмеспи. Андыктан жаш балдарга камкордук кылууну чечтим. Тизмеде 304 бала бар экен. "1 окуучу - 1 демөөрчү" долбоорунун алкагында 80 демөөрчү табылыптыр, мен 81-болуп жазылдым. Бир жыл бою бир баланын кошумча тамак-аш, кийим-кече, билим алуусу үчүн курстарга кеткен акча каржатын ай сайын төлөп турам. Азыр жумуштарым көп болуп жатат. Буюрса, Жаңы жылдан кийин дагы бир балага камкордук кылуу милдетин алайын деп жатам", - деп билдирди Э.Рыскулбеков.
Алып баруучу өз карамагына алган бала үчүн ай сайын 3 миң сомдой төлөп турарын, кароосуз, ата-энесиз калган балдарды өз камкордугуна алгысы келген жарандарды акцияга көңүл кош карабоого чакырып өттү.