28-апрелде Бишкекте “Ала-Тоо периси-2013” сынагынын финалдык баскычы өтөт. Бул тууралуу аталган долбоордун уюштуруучусу, куудул Борончу Кудайбергенов бүгүн, 22-апрелде маалымат жыйында билдирди. Маалым болгондой, жарыш Орусиядагы кыргыз кыздарынын ортосунда болмокчу. “Акыркы убакта Орусияга кеткен мекендештерибиз көбөйдү. Алардын мекенге болгон сүйүүсүн өстүрүү максатында бул сынакты уюштурганбыз. Кыздар өз эне тилди жана улуттук каада салтты кандай деңгээлде билери сынактын негизги талабы болот”,- деди Кудайбергенов. Айта кетсек, бул сынакка Орусиянын 10 шаарынан келген 15 сулуу катышмакчы. “Ала-Тоо периси-2013” кароо сынагы ушул жылдын 8-мартында Орусиянын Новосибирск шаарында башталган болчу.