Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмү тарабынан СПИДге каршы күрөшүү күнүнө карата бир айлык акциянын алкагында шаар аймагындагы 19 мектептин окуучуларынын арасында сынак өткөрүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмүнөн кабарлашты.
1-декабрь СПИДге каршы күрөшүү күнү катары белгиленип келет.
Маалыматка ылайык, сынактын негизги максаты - СПИД илдети жөнүндө туура түшүндүрүү жана анын алдын алуу. Окуучулар сынак учурунда сүрөт тартуу жана сахналык көрүнүштөрдү аткаруу аркылуу илдет тууралуу кененирээк түшүнүк алышты. Жыйынтыгында Бекмамат Осмонов атындагы №5-мектептин окуучулары биринчиликти багындырышты.