Бүгүн, 25-ноябрь - Аялдарга карата зордук-зомбулукту жоюу үчүн эл аралык күрөшүү күнү. Бул күндүн белгиленишине 1960-жылы Доминикан Республикасында болгон окуя өбөлгө болгон. Анда аталган өлкөнүн диктатору Рафаэль Трухильонун буйругу менен саясий активист 3 бир тууган эже-сиңдилер өлтүрүлгөн.
Бул күн Кыргыз өлкөсүндө да белгиленет. Зордук-зомбулукка кичинекей кыздан чоң энелерге чейин кабылышат. Бул тууралуу акыркы убактарда жашы жете элек өспүрүмдөрдүн зордукталган фактылары, карылар үйүндөгү энелердин саны айтып турат. "Сезим" кризистик борборунун адиси Гүлмира Уметалиеванын SUPER.KG порталына берген маалыматы боюнча, өлкөдө үй-бүлөдөгү зордук-зомбулуктан жапа чеккен аялдардын саны көбөйгөндөн да, кылмыштар оор болууда.
"Айрыкча жаш балдардын психикасы жабыркайт. Үй-бүлөнү сактоого бир гана аялдар эмес, бардык мүчөлөрү, эркектер дагы жоопкерчиликтүү болушу зарыл. Зомбулук көрсөткөн эркектер психологдун консультациясына келе беришпейт. Азырынча психологго барып, кеңеш алууну жат көрүнүштөй карашат. Маселе ортого салынып чечилсе, алардын үй-бүлөлүк сыры сыртка чыкпай сакталат", - дейт Уметалиева.
Айта кетсек, акыркы 6 ай аралыгында эле бул борбордун ишеним телефонуна 1005 адам чалып, юристтин кабыл алуусунда 291 адам болуп, 50 арыз сотко жиберилген. Ал эми зордук-зомбулук көрүп, бирок ачыкка чыкпагандардын саны миңдеп, балким, он миңдеп саналат. Буга үстүбүздөгү жылдын жай айларында социалдык тармактардагы "#Менайтууданкоркпойм" флешмобу далил. Ага катышкан миңдеген аялдар өздөрүнүн башынан өткөн жагымсыз окуялары менен бөлүшүшкөн. Алардын көпчүлүгү психологиялык жаракаты менен өмүр бою жалгыз жашап келишет. Флешмобдогу түрдүү окуялар аялзатын гана эмес, эркектерди да көңүл кош калтырган эмес. Флешмобдун кээ бир катышуучуларынын билдирүүлөрү көпчүлүктүн үрөйүн учурган.Зордук-зомбулукка кабылгандар жан дүйнөсүндөгү агрессиядан улам айланасын кара түстө гана көрүп калышат. Аларга мындай учурда күчтүү колдоо менен психолог жардам бере алат.
"Оор кырдаалдан чыккан аялдардын ар биринин тагдырын китеп кылып жазса болот. Мисалы, бирөө 14 жашында сексуалдык зордук-зомбулукка туш болуп, жашоодон үмүтү үзүлгөн кыз болгон болсо, азыр психологдордун жардамы менен ийгиликке жетишкен кыздардын катарын толуктайт. Ал азыр билим алып, иштеп баштады. Дагы бир айым кулчулукка кабылып, араң кутулган. Азыр ал өз алдынча чакан ишкана ачып, башкаларга дагы жардам берип жатат. Андыктан аял болобу, эркек болобу, турмуштун сыноолоруна туруштук берип, эрктүү болуп, адамдык сапаттарды жоготпой, арак менен ачууну баспай, улам жакшы жашоого умтулуп, жакшы ийгиликке жетиши керек. Антпесе ата-эне ийгиликсиз болсо, балдардын келечегине дагы балта чабылып, коомдо социалдык жактан төмөнкү катмардагы адамдардын саны көбөйө берет", - дейт Гүлмира Уметалиева.
Тилекке каршы, мамлекетибизде жапа чеккендерге тиешелүү деңгээлде жардам көрсөтүлбөйт. Өлкөдө зордук-зомбулукту азайтуу үчүн социалдык кызматтар биргеликте иштешип, үй-бүлө институтун күчтөнтүп, адамдарды жакшы иштерге, сергек жашоого, жоопкерчиликке үгүттөө зарыл.