Токмоктогу жылуулук көйгөйү: Эскилиги жеткен жабдуулар, 44 миллионго жеткен карыз, каникулга тараган балдар...

Ак шөкүлө кийген аяздуу кыш быйыл эшикти эрте какты. Жер-жерлерде дарактар кулап, унаа тыгындары көбөйүп, зымдар үзүлүп жатты. Чиновниктер төш кагып, аймактар кышка даяр дешкени менен, ноябрда түшкөн суу кар шаар тургундарын гана эмес, жергиликтүү бийликтерди да түйшүккө салды.

Баарынан да Токмокто айрым үйлөрдө жылуулук берилбей жатканы тууралуу маалымат катуу талкуу жаратты. Себеби жылуулук берилбеген жайлардын катарында мектептер, ооруканалар, төрөт үйү, бала бакчалар да бар экени айтылган. №6, 10, 13-мектептерге жана №2-бала бакчага жылуулук кечигип берилгени маалым болду. "Балдар үшүбөсүн" деп депутаттар да маселени парламентте көтөрүштү.

SUPER.KG порталы "Токмоктун атагы жакшы жагы менен эмес, чуулуу жагы менен чыкты" деп тамашалашкан мэрияда, "балдарды үшүтпөгөнгө аракет кылдык" деген балдар үйүндө жана эскилиги жеткен жылуулук берүүчү жайда болуп кайтты. Өз көзүбүз менен маселенин чечилип жатканына күбө болдук.

Бул Токмоктогу Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Балдардын республикалык адистештирилген үйү. Мында 4 жашка чейинки курактагы 85 бала тарбияланат. Кызматкерлердин саны 90дон ашат.

Мындагы балдардын көбү ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер. Ошондой эле дени-карды соо, бирок ата-энесинин ичимдикке жана баңгизаттарына берилип кеткенине байланыштуу ушул жакка алынып келинген балдар да бар. Кыскача айтканда, балдар туруктуу көңүл бурууну талап кылат.

Кызматкерлер айтып бергендей, учурда берилип жаткан жылуулук көңүл жылытарлык эмес. Батареяга балдардын байпагын жайсаң кургабайт.

Ошол себептүү балдар үйү электр энергиясынын көзүн караганга мажбур. Ток бере турган түйүндөрдү карап, дээрлик бош орун жок экенине күбө болдук. Адатта электр энергиясын туруктуу пайдаланганда балдар бакчасы айына 80 миң сомдой төлөп турат.

Бул жайда жылыткычтар жетиштүү экен. Анда эмгектенгендердин айтымында, кайдыгер карабаган активисттер да биринчи кезекте жылыткычтарды алып беришет.

Токмок шаарындагы Республикалык балдар үйүнүн башчысы Татьяна Гринько билдиргендей, быйыл жылуулук сезонуна, күтүлбөгөн нерселерге даярдык тиешелүү деңгээлде көрүлгөн. Эски батареялар, түтүктөр алмаштырылып, көмүр, отун алынган. "Жылуулук берилгенге чейин эле бир аз аба суук болгондуктан, көмүр жагып баштаганбыз. Жылыткычтар да бар болчу. Учурда жылуулук берилди. Ошол эле учурда жылыткыч сайып жатабыз. "Балдар үшүдү" деген маалымат чындыкка дал келбейт. Оорулардын алдын алып, кыйынчылыкты айланып өттүк", - дейт ал.

Биз бул жай менен таанышып жатканыбызда активисттердин унаасы келди. Алар WhatsApp аркылуу балдарга жардам керек экенин угушуп, акча чогулта башташкан. Жыйынтыгында чогулган каражатка балдарга керек болгон оокаттар, тамак-аш, жашылча-жемиштер, таттуулар алынган.

Муктаж болгон балдар үйүнө көмөктөшүү жакшы көрүнүш экенин активист Александра Липасова айтып берди. Ал Бишкектин тургундарынын акцияга активдүү катышканын белгиледи. "Биз маалымат алып, жардамга кошулууну туура көрдүк. Кафеде иштегендер тамак, базарда иштегендер кийим-кече алып келип жатышты. 2 күндө көп нерсе чогултууга жетиштик", - дейт ал.

Буга катар жылытуу көйгөйү №6-мектепте да жаралган. Ошол себептүү мектеп убактылуу ишин токтото турууга мажбур болгон. Сабак болбогон күндөр жазгы жана кышкы каникулдун эсебинен толукталат.

Мектептин жанындагы түтүк эскирип, жумуш татаалдашкан. Тиешелүү кызматкерлер күнү-түнү иштеп, казып, оңдоп чыгууга аракет кылышкан. Жыйынтыгында жылуулук берилгени менен, чечилбеген көйгөй бар. Ал көйгөй эскирип калган түтүктөр менен байланыштуу.

"Токмок жылуулук" муниципалдык ишканасынын башкы инженери Тамирлан Шамил уулу айтып бергендей, быйыл Токмокто жылуулук берүү кечеңдеп калды. Буга ишкананын "Газпром Кыргызстан" ишканасына карыз болуп калганы себеп болгон. "Алар карыздын жарымын бергиле деген талап коюшту. Түтүктөр газ кабыл алганга даяр болчу. Жылуулук октябрь айында эле берилмек, бирок сүйлөшүүлөр жүрүп жатып, ноябрь айына чейин созулуп кетти. Маселе 17-ноябрда чечилди. Бүгүнкү күндө бардык абоненттерде жылуулук бар. Айрым учурларда түтүктөрдүн эскилигинен улам авариялык абалдар катталып турду, себеби 1974-жылдан бери иштеп келе жатат. От казандарынын эскилиги жеткенинен улам карыз көбөйүүдө. Тариф чыгымдарын жаппай калгандыктан, быйыл сезонго 44 миллион сом карыз болуп калдык", - дейт ал.

"Бул жерде ишкана да күнөөлүү болуп калды, себеби жабдуулардын баарынын эскилиги жеткен. Заман талабына ылайыкташкан эмес. Түйүндөр эскирген", - деп кошумчалайт башкы инженер.

Ысытылган суу деле керектөөчүлөргө жетпей орто жолдо сызылып чыгып кетип жатканы белгилүү болду. Бул газдын сарпталышынын өсүшүнө алып келет.

Мэриянын өкүлү Улукбек Токтоналиев билдиргендей, шаарды жылуулук менен 2 ишкана камсыздайт: "Токмок жылуулук" муниципалдык ишканасы жана Токмок мамлекеттик жылуулук менен камсыздоо ишканасы. Калктын 95 пайызын Токмок мамлекеттик жылуулук менен камсыздоо ишканасы тейлейт. Алар жылуулукту 20-октябрда берип башташкан. "Балдар үшүдү" деген маалымат чындыкка жатпайт. Учурда мектеп, балдар бакчасы иштеп жатат. Жылуулук 20 градустан 24 градуска чейин жетти. №6-мектеп учурда иштебей эле, себеби анын жанындагы түтүк жарылып кетиптир. Учурда оңдолуп жатат", - дейт ал.

43 жылдан бери жаңыланбаган түтүктөр балдарды үшүттү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан