Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тоолуу аймактарда кар көчкү түшүү коркунучу бар экенин билдирди. Маалыматка караганда, 26-ноябрдан 28-ноябрга чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу тоолуу райондордо, Бишкек-Ош унаа жолунун (Төө-Ашуу ашуусу) 121-138, (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы) 198-250-чакырымдары, Кара-Кулжа-Алайкуу автоунаа жолунун 65-90-чакырымдары, Нарын-Казарман автоунаа жолунун (Кара-Көө ашуусу) 67-94-чакырымдары жана Каракол-Эңилчек автоунаа жолунун (Чоң-Ашуу ашуусу) 45-92-чакырымдарына кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт.
Ошондой эле жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык сакталышы зарыл.