Ош шаарына бүгүн, 25-ноябрда 30 даана автобус алынып келинди. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, автобустар Европа өнүктүрүү банкы менен түзүлгөн келишим боюнча алынды. Келишимдин суммасы 2 миллион 699 миң еврону түзөт. Автобустар декабрь айынын аягында эл ташый баштайт.