Жыл сайын өлкөдө 600дөй бала ар кандай патологиялар менен төрөлөт. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Таалайкүл Исакунова Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ата-энелеринин ассоциациясы менен жолукканда айтты.
"Министр Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ата-энелеринин ассоциациясынын ишмердүүлүгү менен "Жакшылык жана боорукердик үчүн" иш-чарасынын алкагында таанышты. Ассоциациянын өкүлдөрү алардын ишмердүүлүгү биринчи кезекте мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ата-энелерине колдоо берип жана балдарын реабилитациялоо боюнча кеңеш берүүдө экенин билдиришти", - деп жазылат маалыматта.
"Биз ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укугун коргойбуз. Семинар жана тренингдерди өткөрүп келебиз", - деген юрист Зейнеп Дыйканбаева.
Патологиялар менен төрөлгөн балдардын көпчүлүгү жардамга муктаж. Мындан улам билим берүү, медициналык, социалдык тейлөөлөрдү көрсөтүүчү борборлор керектиги белгиленди.