622 жыл мурун, тактап айтканда, 1394-жылы 26-ноябрда азыркы Сеул шаары Кореянын борбору болуп бекитилген. Шаардын алгачкы аталышы - Виресон, биздин заманга чейинки 370-жылдан баштап Пэкче мамлекетинин борбору болгон.
Корё маалында Хансон аты менен белгилүү болгон. Чосон династиясынын убагында Ханян деп аталып, 1394-жылы династиянын борборуна айланган. Япон колониалдык башкаруунун учурунда шаардын аймагында Кёнсон административдик бирдиги болгон. Сеул аталышы биротоло 1946-жылы эгемендүү Кореяда бекитилген.
26-ноябрдын жылнаамасы.