ЖЫЛНААМА, 26-НОЯБРЬ: 409 жыл мурун англиялык миссионер Жон Гарвард төрөлгөн

1607-жылы АКШдагы Гарвард университети ысымын алып жүргөн англиялык миссионер Жон Гарвард төрөлгөн. Ал Лондондо төрөлүп-өскөн. Төрт бир туугандын төртүнчүсү болгон. Өзүнүн атасы директор болуп эмгектенген мектепти аяктап, колледжге тапшырып, бакалавр даражасын алган.
Жон Гарвард балалуу болбогондуктан, каза болордун алдында 779 фунтту (мурасынын жарымы) жана 400 даана китепти 1636-жылы негизделген колледжге таштаган. Бул жардамы үчүн ыраазы болгон ал окуу жайдын башкармалыгы колледжге Жон Гарварддын ысымын ыйгарган.
Учурда Гарвард университети дүйнө боюнча эң күчтүү жана абройлуу окуу жайлардын сап башында. Гарварддын азыркы 28-президенти болуп Дрю Жилпин Фауст айым дайындалган. Университеттин жалпы капиталы 2010-жылы 27,4 миллиард долларды түзгөн, ал эми орто эсеп менен окуу акысы жылына бир студентке 38-40 миң "жашыл" акчаны түзөт. Учурда Гарвардда 7 миңге чукул студент жана 15 миңге чукул аспирант билим алат. Баарынан кызыгы, АКШнын 8 президенти жана 75 Нобелдик сыйлыктын ээлери Гарварддын бүтүрүүчүлөрү.

26-ноябрдын жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
elmurat.kg
2016-11-27 21:53:19
бюджет жокпу
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан