Чаткал районунун Жаңы-Базар айылында иттер малга кол салып жатышканын SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу окурман бүгүн, 28-ноябрда кабарлады.
"Ызгаардуу суук күч алып, кыш эрте келгендиктен, малга тоют аз болуп, айыл эли малын жайытка чыгарууда. Ачкачылык иттерге да жетти. Бир жумадан бери иттер жайылып жаткан койлорго кол салып жатышат. Буга каршы айыл мергенчилери андай иттерди атып жок кылышууда, бирок кечээ да бир ит койго кол салды. Койду жеп жатканын кой жайып жүргөн 11-класстын окуучусу көрүп, токтотууга аракет кылган. Аракети ишке ашпай, айласыздан элге кабарлаган. Мергенчилер келип итти атып жок кылышты", - деди окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.