Биз социалдык тармакта

Караколдун 157 жылдыгына арналган концертке 15 миңден ашуун адам катышты

Нөшөрлөп жааган жамгырга карабастан, Каракол шаарынын күнүнө арналган майрамдык концертке 15 миңден ашуун адам катышты.

Каракол шаарынын 157 жылдык мааракесине арналган концертке шаардын тургундары жана коноктору болуп жалпысынан 15 миңден ашуун адам чогулду. Шаардык мэрия уюштурган салтанат Караколдогу улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов атындагы борбордук аянтта өттү.

Шаар күнү Кыргыз Республикасынын Гимни менен ачылды. Каракол шаарынын мэри Талантбек Иманов шаар тургундарын куттуктап, андан соң шаардын өнүгүшүнө олуттуу салым кошкон жарандарды сыйлоо аземи өттү.

«Каракол шаары ар бириңиздердин эмгегиңиздер менен өнүгүп жатат. Биздин шаардын күчү — жоопкерчиликти өз моюнуна алуудан коркпогон, улуттук салт-санааларыбызды даңазалап, туулган жерине болгон сүйүүсүн күн сайын иш жүзүндө далилдеп келген адамдарда. Ар бир долбооруңуздар, ар бир демилгеңиздер жана чыгармачылык изденүүңүздөр — келечегибизге кошулган инвестиция. Караколду бүгүн гана эмес, алдыдагы ондогон жылдарда да сыймыктануу менен айта турган шаарга айлантуу үчүн мындан ары да биргелешип эмгектене берели», — деди Талантбек Иманов.

Майрамдык концертте Каракол шаарындагы чыгармачыл жамааттар жана Кыргызстандын белгилүү ырчылары — Гүлнур Сатылганова, Нуртилек Нуржигитов, Бек Борбиев, Оксана Алымкулова, Сыймык Бейшекеев, Азиза Кабылбекова, Юлия Руцкая, Айымжан Айылчиева, Толгонай Арзыкеева, Кымбат Азизова, ошондой эле Нурайым Азыкбаева менен Назбек Кенчинбаев дуэти жана ырчы Тамганын өнөрлөрү тартууланды.

Орусиялык "Город 312" тобунун жана Орусиянын эл артисти Стас Михайловдун чыгышы майрамдык концерттин туу чокусу болду. Борбордук аянтка чогулган миңдеген көрүүчүлөр белгилүү ырларды кошо ырдап, майрамдык маанайды бөлүшүштү.

Майрамдык кече Каракол шаары тууралуу ыр жана фейерверк менен жыйынтыкталды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан