Москвада мекендеши тарабынан бычакталып өлтүрүлгөн кыздын сөөгүн Кыргыз Республикасына жөнөтүү боюнча иштер жүрүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 28-ноябрда SUPER.KG порталына Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчилигинин өкүлү Гүлбарчын Байымбетова билдирди.
"Маркум менен чогуу жашаган кыздарга элчиликтин кызматкерлери барып жолугушту. Учурда анын сөөгүн мекенине жөнөтүү боюнча иштер жүрүүдө", - дейт Гүлбарчын Байымбетова.
Айта кетсек, окуя 27-ноябрь күнү Москва шаарынын Липецкий көчөсүндө болгон. Анда 35 жаштагы Улан аттуу Кыргыз Республикасынын жараны 27 жаштагы Нурзат аттуу мекендешин бычактап, окуя болгон жерден качып кеткен. Жабырлануучу алган жараатынан улам каза тапкан. 35 жаштагы Улан изи сууй электе кармалган. Кылмышка шектүүнүн айтымында, Нурзат менен көңүлдөш катары бирге жашап жүргөн. Кийин ал "бул мамилени Кыргыз Республикасындагы аялыңа айтам" деген сөзүнө жини келип бычактаган.