ЭЛДИК КАБАР: Сокулук районунун Комсомол айылында суу түтүгүндөгү таза суудан чымчыктын жүндөрү чыгууда

Сокулук районунун Комсомол айылында жер алдынан тартылып келинген суу түтүгүнөн суу менен кошо чымчыктын жүндөрү, ыплас нерселер чыгып жатат. Мындай маалыматты бүгүн, 29-ноябрда окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу кабарлады.

"Суунун ыплас агып жатканынан улам жергиликтүү жашоочулар бул сууну ичкенден кооптонушууда. Мындай учурда оору жугуп калышы мүмкүн. Айыл өкмөтү, тиешелүү кызматтар тез арада чара көрбөсө болбойт. Суу сактаган жайдын санитардык абалы талапка жооп бербейт. Бир канча убакыттан бери тазаланбайт. Эл ошол суудан ичип жатат", - деп билдирди окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Tansuluu09
2016-11-29 14:56:55
Чымчыктын жундору болот бекен же олгон чымчыктардын канаттары десе болбойбу ..
Чын эле таза эмес суудан ар кандай оорулар жугушу мумкун..
Бирок биз Дагы айылда арыктан суу ичебиз, кузундо сууга жалбырактар тушуп булганып жаман болуп кетет,суунунуун тусу боп боз болуп. анан малдарын дагы арыктан суугарышат айылдын акырында жашаган учун Айла жок ошол суудан ичебиз.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан