Бишкекте “Тилим менин - дилим менин” аттуу жаңы китептин бет ачары болот
23-апрель – Эл аралык китеп жана автордук
укук күнүнө карата Бишкекте акын Байдылда Сарногоевдин 80 жылдыгына арналган
“Тилим менин - дилим менин” аттуу жаңы китептин бет ачары болот. Бул тууралуу
Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын басма сөз кызматы билдирди. Иш-чарага кыргыз элинин акын-жазуучулары, маданият ишмерлери, студенттер
жалпы эле окурмандар катышат. Китептин бет ачары борбор шаардагы К.Баялинов атындагы жаштар
китепканасында өтөт. Жаштардын китепке болгон кызыгуусун арттыруу максатында
өтүп жаткан мындай иш-чара Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясы, Бишкек
шаардык мэриясы жана аталган китепкана тарабынан уюштурулууда.