Бүгүн, 29-ноябрь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.
Орусияда иштеген кыргыздардын абалы кыйындашы мүмкүн. Москва шаарынын мэри Сергей Собянин Кыргыз Республикасынан барган мигранттар Москва бийлигине баш оору жаратып жатканын, аларга чара көрүлөрүн айтты. Мэрдин билдиришинче, Кыргыз мамлекетинен баргандардын көбү эмгек келишимин түзбөй, демек, салык төлөбөй иштеп жатыптыр. Москванын "кожоюну" шаарды мыйзамсыз жүргөндөрдөн тазалоо операциясы башталарын кыйытты.
Собяниндин билдирүүсү Орусиядагы мекендештердин абалы кыйындашы мүмкүн экенинен кабар берет. Жашыруун эмес, Орусия бийлиги маал-маалы менен Москва баш болгон шаарларын келгиндерден тазалап турат. Документтик мүчүлүштүк, миграциялык талаптарды бузуу өңдүү шылтоолор менен миңдеген мигрант кармалып, убактылуу камакка алынышат. Айып пул төлөтүү, опузалоо, пара талап кылуу өңдүү түрдүү кыйынчылыктарга туш болушат. Булардан аман калбагандары мекенине айдалат. Бул жолу да далай мигранттын "мыйзамдаштыруу" аракетинин курмандыгы болушу күтүлөт. Бул жагдай Москвада иштеп жүргөн мекендештерибизди тынчсыздантат. Анткени Москваны тазалоо аракетине мыйзамсыз жүргөнү да, эч кандай эреже бузбай түз жүргөнү да илинип калышы мүмкүн. Москва мэри шаарга коркунуч жаратып жатканын айтып кыргыздарды баса белгилегени суроо жаратты. Жакында Жогорку Кеңештин спикери Чыныбай Турсунбеков менен кездешкенде Орусиянын Федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко мигранттарга түзүлгөн шарттар жакшырып баратканын айткан эле, бүгүн кыргыз мигранттары Орусиянын борбор шаарына ашыкча түйшүк жараткан жек көрүндү болуп чыкты. Орусиядагы кыргыз элчилиги мигранттардын мыйзамсыз жүрүүсүнүн күчөшүнө Орусиядагы иш берүүчүлөрдүн да күнөөсү бар экенин ырастады. Тагыраагы, айрым иш берүүчүлөр мамлекетке салык төлөөдөн качып, мигранттар менен көмүскө иштешүүгө ыкташат. Жумушчулар менен келишим түзүп легалдуу иштешүүдөн баш тартышат, бирок Москва мэри бул жөнүндө кеп козгогон жок.
2015-жылы Кыргыз Республикасынын Евразиялык экономикалык биримдикке кириши айрыкча Орусиядагы кыргыздардын үмүтүн жандырган. Өзбекстандык жана тажикстандыктардан айырмаланып, Кыргыз Республикасынын жарандарына жеңилдиктер берилери, бир катар миграциялык тоскоолдуктар жоюла турганы кыргыз өкмөтү тарабынан убада кылынган. Айрымдары аткарылды, Орусияга барган Кыргыз мамлекетинин жарандары азыркы учурда орус тилинен, тарыхтан жана укуктан сынак тапшырышпайт. Орусияга кирген Кыргыз Республикасынын жарандарынын 30 күн каттоосуз жүрүшү жөнүндө келишим түзүлгөн, бирок мигранттардын көйгөйү жоюлуп кеткен жок. Аталган өлкөдө иштеген мекендештерибиз ЕАЭБдин жеңилдиктери түзүк сезилбегенин, талаптар күчтүү бойдон калып жатканын айтып келишет. Мигранттардын мыйзамсыз иштөөсүнө эмнелер түрткү болот? Үстүбүздөгү жылдын август айында Орусияда иштеген мигранттардын профсоюзунун төрагасы Ринат Каримов мигранттар үчүн патенттин баасы кымбат экенин, бул мигранттарды көмүскө иштөөгө түртүп жатканын айтып чыккан эле. Жөндүү пикир, мигранттар иштеп тапкан акчасын баасы кымбат документтерге коротууга кыйбай, коркунучу күч болсо да мыйзамсыз иштеп жүрө бергенди туура көрүшөт. Мындан тышкары айтылуу "кара тизме" көйгөйү чечиле элек. Расмий маалыматтарга таянсак, 2016-жылдын 6 айында 6700 кыргызстандык "кара тизмеден" чыгарылган болсо, 6500 адам "кайра тизмеге" түшүп калган. Жалпы алганда, бүгүн аталган тизмеде 119 миңдей кыргызстандык турат. Бул аталган көйгөйдү чечүүдө дээрлик жылыш жок дегендик. Ошентип, кыргыз мигранттарынын ЕАЭБге кирген соң жеңилдиктер болот деген үмүтү өчүүдө.
Расмий маалыматтар боюнча, Орусияда Кыргыз Республикасынын 1 миллионго жакын жараны эмгектенет. Алар соңку мезгилде өлкөгө жылына 1-1,5 миллиард доллардын тегерегинде акча которууда. Үй-бүлө багуу түйшүгү менен жүрүп жылына жүздөгөн мекендешибиз мекен сыртында каза табууда. Мамлекеттик миграция кызматына таянсак, 2016-жылдын 7 айында эле чет өлкөдө иштеген 450 Кыргыз Республикасынын жаранынын сөөгү мекенине алынып келинди. Бул сандар мигранттарга шарт түзүү, алардын коопсуздугун камсыздоо иши көпчүлүк күткөндөй болбой жатканынын белгиси...
Бишкек шаарында эки ири кырсык катталды, кооптондура турган жагдай - экөөсү тең коомдук жайларда болгону. Шаардагы "Рэфал" жеке менчик мектебиненин жанындагы чиркөөдөн өрт чыгып, мектеп кошо күйдү. Бактыга жараша, адам өмүрүнө зыян келтирилген жок. Өрт чыккан учурда мектепте жалпы 227 окуучу болгон, алар сыртка чыгууга үлгүрүштү. Кыш мезгилинде өрт кырсыгы көп катталат, ага карабай коомдук жайларда кырсыктын алдын алуу зарылдыгы күч экенин бүгүнкү окуя көрсөттү. Имараттардын техникалык, өрткө каршы коопсуздугун текшерүүчү, көзөмөлдөөчү органдарга бүгүнкү өрт олуттуу эскертүү. Талап боюнча, курулуш иштери жүрүп жаткан маалда өрт коопсуздугу боюнча талаптардын сакталып же сакталбай жатканын өкмөттүк органдар текшериши керек. Негизги жоопкерчилик Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекцияда.
Ушул эле күнү "Дордой" базарында бастырма кулап түшүп бир нече адам жаракат алды. Маалыматтарга таянсак, 5 адам Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жеткирилди. Арасында Казакстандын жарандары да бар. Быйыл "Дордой" ассоциациясы өзүнүн 25 жылдыгын белгилөөдө, буга байланыштуу социалдык тармакта түрдүү оюн-зоок акциялары уюштурулууда. Акциялардын катарын бүгүнкү "сюрприз" толуктады десе болот. Базарга мурдагыдай көңүл бурулбай калганынын белгисине окшошот. "Дордой" Борбордук Азиядагы эң ири базар аталып, убагында атагы дүңгүрөп турган. Кыргыз Республикасы 2015-жылы Евразиялык экономикалык биримдикке киргенден кийин базардын соодасы солгундады, мурункудай кырдаал эмес. Эми минтип базардын техникалык кемчиликтери көрүнө баштады. "Дордойдун" соодасы солгундаганы менен, биротоло бүтө элек. Базарда дагы деле миңдеген соодагер, кызмат көрсөтүүчүлөр, калкты тейлөөчүлөр иштейт. Булардан тышкары кардарлар келип-кетишет. Андыктан базардын кожоюндары мыйзамдын талабын аткарып, базардын асты-үстүн, техникалык, өрт коопсуздугуна көңүл буруусу зарыл. Жооптуу адамдардын кенебестиги, өз ишине шалаакы мамиле жасашы ушундай кырсыктарга себепкер болот. 2012-жылы "Кара-Суу" базарындагы коомдук даараткана түшүп кетип 4 адам каза таап, 16 адам түрдүү жаракаттарды алган. "Дордойдун" кожоюндары ошондой кырсык болгондо гана эсине келишеби?