Япониянын Китакюсю шаарында көптөгөн балыктар тоңдурулган муз аянтчасы курулган. Аны кургандар музга болжол менен 5 миң балык тоңдурушкан. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышкан.
"Алар муну менен келген адамдар жылгаякты балыктар менен бирге тепкендей таасир жараталы дешкен. Бирок бул идея боору ачыган адамдар тарабынан катуу сынга кабылган. Муз аянтчасына келген кардарларга тоңдурулган балыктарды көрүү жагымсыз болгон", - деп жазышат басылмалар.
27-ноябрда муз аянтчасынын администрациясы кечирим сурап, аны убактылуу жабышкан. Муз балыктардан тазаланган соң бул аянтча кайрадан ачылары белгилүү болду.