Эстрада ырчылары Аваз Акимов менен Нурлан Насип “Атаман” аттуу ыр чыгарышты. Ырдын сөзү, обону Мухтар Атаналиевге таандык. Айта кетсек, бул ырды М.Атаналиев буга чейин “Балалыкты сагынуу” деген аталышта ырдачу. “Нурлан экөөбүз мурда эле чогуу ырдоону ойлонуп жүрчүбүз. Бирок сүйүү темасында эмес эле. Анан бара-бара бизге Мухтар байкенин ыры жагып, аны кайрадан ырдап чыгууну чечтик. Тексти да бизге төп келишет экен”,- дейт Аваз. Жакын арада бул ырдын клиби да тартылмакчы.