Бишкекте 8 мектепте карантин жарыяланды, жугуштуу оорулардан улам окуучулардын 30 пайызы сабакка келе албай жатат

Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору тарабынан жүргүзүлгөн текшерүү иштеринин натыйжасында Бишкекте 8 мектепте карантин жарыяланды. Мэриядан кабарлашкандай, борбор тарабынан Бишкектеги 34 мектеп текшерүүгө алынган.

Анда №6, 12, 22, 28, 40, 57, 79, 61-мектептерде окуучулардын 30 пайыздан ашыгы жугуштуу ооруларга туш болуп, сабакка келбей жатканы аныкталган. Буга байланыштуу аталган мектептерде 30-ноябрдан 3-декабрга чейин окутуу үзгүлтүккө учурайт. Медицина кызматкерлери башка билим берүү мекемелеринде мониторинг жүргүзүп жатышат.

2-декабрда Координациондук комитеттин отурумунда жугуштуу оорулардын, сасык тумоонун алдын алуу маселелери каралмакчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан