Айлана-чөйрөгө мониторинг

Жаратылышты коргоо маселелерине жоопкерчилик менен мамиле кылууга “Кумтөр Голд Компани” өз өндүрүштүк ишмердүүлүгүндө абдан чоң маани берип, жылына экологиянын абалын аныктоо жана аны коргоо чараларына 6 миллион АКШ долларындай каражат бөлөт.

Дал ушул максатта компания тарабынан өз ишине берилген 25 штаттык кызматкерден турган атайын бөлүм уюштурулуп, кендин өзүндө да, жалпы аймакта да суу булактарын, атмосфералык абанын, биотүрдүүлүк, топурак, тунма тоо породалары, тектин иштетүүгө жараксыз катмары жана радиациялык фонддун абалына мониторинг жүргүзүлөт. Компания аймактагы биотүрдүүлүктүн сакталышына өзгөчө көңүл бөлөт. “Кумтөр” кениндеги иш башталган кезден тарта жаратылышты коргоого кызыкдар бардык тараптар менен тыгыз кызматташып келген, анын ичинде 1995-жылы Сарычат-Эрташ мамлекеттик коругунун түзүлүшүнө салым кошкон. Компания жакында эле коруктагы биотүрдүүлүктү сактоого багытталган долбоорлорду каржылоо ниетинде жаратылышты коргоо жаатындагы эң эски эл аралык уюмдардын бири болгон “Фауна жана Флора Интернешнл” менен өнөктөш болду. “Кумтөр” бул багытты илгерилетүүгө өз салымын кошо алганына сыймыктанат. Себеби кен казуу иштери башталгандан бери аймакта фаунанын сейрек түрлөрүнүн, маселен, ак илбирс, памир аркарларынын башын көбөйтүүгө жетише алды.

Ишкананы кыргыз жана эл аралык уюмдар менен эксперттер үзгүлтүксүз текшеришет. Өндүрүштүк объектилерге тийиштүү улуттук органдар инспектордук текшерүүлөрдү аткарып, “Центерранын” жана Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкынын тапшыруусу боюнча аудитордук текшерүүлөр жүргүзүлөт. Кара-Балта шаарында жайгашкан “Stewart Assay and Environmental Laboratories LLC” ишканасынын лабораториясы (SAEL – ALS лабораториялардын эл аралык тобунун филиалы) – биз келишимдик негизде иштешип жаткан негизги лаборатория. SAEL биздин анализдердин көбүн жасап келет. Өндүрүштүк ишмердүүлүктү колдоо үчүн кен ишканасында да бир лаборатория негизделген.

Маалымат сапатын камсыздоо үчүн “Кумтөр Голд Компани” үлгүлөрдү, SAEL (Кыргыз Республикасы), Саскачевандын илимий-изилдөө кеңешин (Канада) жана Лэйкфилддин илимий-изилдөө лабораторияларын (Канада) кошо алганда, жогорку квалификациялуу жергиликтүү жана эл аралык лабораторияларга жөнөтөт. Лэйкфилддин лабораториялары цианиддердин химиялык касиеттерине жана анализине адистешкен.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан